
- Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики > Жаңылыктар > Түштүк Кореядагы магистрдик программаларга кабыл алуу жарыяланат!
Архивы
This post is also available in: Kyrgyz
Түштүк Кореядагы магистрдик программаларга кабыл алуу жарыяланат!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (Агенттик) Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы кеңсеси менен бирдикте мамлекеттик/муниципалдык кызматкерлерди жана мамлекеттик сектордун кызматкерлерин “KOICA стипендиялык программасы 2023” программасынын алкагында магистратурага кабыл алуу башталганын жарыялайт.
Стипендиялык программанын максаты Кыргыз Республикасынын адам ресурстарын өнүктүрүүнү колдоо болуп саналат.
Окутуу саламаттыкты сактоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, экономикалык өнүгүү, туруктуу өнүгүү үчүн потенциалды жогорулатуу, жарандык коомдогу лидерлик, социалдык экономика, климаттын өзгөрүшү, санариптик инновациялар жана башка тармактарда өтөт.
Стипендиялык программа, университеттер, университеттер сураган документтердин толук пакети жана анкеталар жөнүндө маалыматты төмөнкү шилтемеден көчүрүп алсаңыз болот: https://cloud.mail.ru/public/mgKo/2kbqB3ajm
Документтердин топтомун 2023-жылдын 22-февралына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүүнү суранабыз: Бишкек ш., Чүй пр. 122, 211-каб.
Толук эмес берилген же квалификациялык талаптарга жооп бербеген документтер каралбайт.
Программа жана керектүү документтерди толтуруу боюнча суроолор пайда болгон учурда төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: 66-01-93, +996 554 20 96 63 (whatsapp), Тариэл уулу Шамиль.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
720017 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 122 Кабылдама: 0312 62-04-05, 62-02-43, факс 62-25-43. Жалпы бөлүм 62-0243, Кеңсе 62-02-43, Ишеним телефондору 66-02-95; 66-03-37; 66-03-39 е-mail: mmkyzmat@mkk.gov.kg