Уюштуруу маселелери жана иш кагаздарын алып баруучу жетектөөчү адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)

 

1.Кесиптик билимдин денгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, социалдык, юридикалык, техникалык, гуманитардык жана педагогикалык  багыттар боюнча)

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажы талап кылынбайт.

3.Кесиптик компетенциялары:

төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө»,  «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»,Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана же расмий тилдерди билүү.

            Сынакка катышууга төмөндөгү документтер талап кылынат:

конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

-кадрлардын каттоо баракчасы;

-3х4өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

-паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

-билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку

иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген

жеринен күбөлөндүрүшү керек);

-соттолбогондугу жөнүндө аныктама;

-өмүр баян;

-резюме

 

Документтери массалык-маалымат каражаттарына жарыяланган

күндөн тартып 10(он)календардык күндүн ичинде төмөндөгү даректе кабыл алынат:

Чолпон-Ата шаары Совет көчөсү 75, Чолпон-Ата шаардык кеъеши

Телефон  (03943) 4-31-61 жана 070260