Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б) :

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык багыттары боюнча жана жерге жайгаштыруу жана кадастр, техникалык багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын Турак Жай кодексин,

-Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамын;

-“Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” мыйзамын,

-Кыргыз Республикасынын Жер кодексин,

-Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”,

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Жобо,

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177-токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону билүүсү зарыл.

— -Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майы  №67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы.

 

-Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомун билүүсү зарыл.

адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

 

Муниципалдык кыймылсыз менчикти,  жерлерди  башкаруудагы  башкы адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1)  кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билими  (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юридикалык багыттары боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, архитектура жана курулуш, жана башкаруу багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

-КР “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майы  №67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы.

-Жер кодексин,

-“Жарнак жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шартары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Жобо,

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

Муниципалдык менчикти башкаруудагы киреше киргизүү башкы адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билими (экономикалык, финансы кредит, салык жана салык салуу, бухгалтердик эсеп жана аудит багыттары боюнча)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук жөнүндө” Жобосун,

-Кыргыз Республикасынын Салык кодексин,

-Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”,

-“Жарнак жөнүндө” мыйзамдарын;

-Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шартары жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралу” Жобо, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, мыйзамын билүүсү зарыл.

-Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майы  №67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис административдик муниципалдык кызмат ордуна коюлучу квалификациялык талаптар

(К-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— — тийиштүү багыттагы жогорку билим (курулуш, экономикалык, техникалык багыттары боюнча) же  орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономикалык, техникалык, юридикалык маалыматтык технологиялар багыттары боюнча;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенциялары:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”,

-Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майы  №67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы.

-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук жөнүндө” Жобосун,

— Сатып алуулар боюнча каржы министрлиги тарабынан берилген сертификаттын болушу абзел;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

Эсеп-кысап жүргүзүү, иш кагаздарды алып баруу боюнча жетектөөчү адиси кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы кесиптик билими (экономикалык, финансы кредит, салык жана салык салуу, бухгалтердик эсеп жана аудит багыттары боюнча);

— жалпысынан тийиштүү кесиптик чөйрөдө 13 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамын,

-Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук жөнүндө” Жобосун,

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы;

— Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамы,

— 1С программасын окугандыгы боюнча сертификаттын болушу абзел;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

 

Чолпон-Ата шаардык мэриясы алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы башкы адис-юрист административдик муниципалдык кызмат орунуна ачык конкурс жарыялайт.

 

Башкы адиси-юрист муниципалдык административдик  кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлкттик жана муницпалдык башкаруу, юридикалык багыттар боюнча);

2)иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

-Жер кодексин,

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”,

-“Аксакалдар соту жөнүндө” Мыйзамдарын,

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,

-Кыргыз Республикасынын Турак Жай кодексин,

-Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Жобо, билүүсү зарыл.

-Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майы  №67 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

Сынакка катышууга төмөндөгү документтер талап кылынат:

— конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы,

кадырлар эсепке алуу баракчасы

— өмүр баян

— резюме

— өздүк таржымал (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө

маалыматты көрсөтүү менен)

— сүрөт 3х4. 4шт;

— паспорттун көчүрмөсү;

— Тиешелүү адистик боюнча билимин тастыктаган дипломунун

(көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү

керек);

— эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же

иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

— кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө

документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү;

— жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте

жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Талапкерлерден документтер массалык-маалымат каражаттарында

жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Чолпон-Ата

шаарынын Совет көчөсү №75 дарегинде кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго

кайрылыңыздар (03943) 4-35-04; (03943) 4-35-20 жана (0708)199201.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *