Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы (мындан ары – ЖРЭСКМБ), ЖРЭСКМБнын кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт.
Кызмат орундарына коюлуучу талаптар:
-КР 21 жаштан кем эмес жараны;
-жогорку билимдүү (экономика жана башкаруу, гуманитардык жана социалдык илимдер, юриспруденция).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
-Иш стажына коюлуучу талап жок.
Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына билүүгө зарыл Мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы (27.10.2021-ж. №125);
- КР Өкмөтүнүн №120 Токтому менен бекитилген 03.03.2020-ж. иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы;
- КР “Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы (28.07.2017-ж. №163);
- “Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө Кодекси” (10.07.2012-ж. №100);
- -КР “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы (19.12.2001-ж. №111);
- “ Жөлөкпулдарды жана акчалай компенсациаларды төлөө ирээти жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн Токтому (29.12.2006-ж. №823);
- КР “Калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы (03.08.2015-ж. №124).
Билгичтиги жана көндүмдөрү:
- иш-кагаздарын, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу дайындоо;
- кызматтык кат алуушуларды мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү;
- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопту дайындоо;
- нормативдик-укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- компьютер жана оргтехникалык менен билимдүү колдоно билүү;
- командада иштөө.
Сынакка катышууга зарыл документтер:
- өздүк арыз;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
- өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат менен);
- билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү — нотариус аркылуу же акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон убакта) — нотариус аркылуу же акыркы иш ордунан күбөлөндүрүлгөн;
- пасторттун көчүрмөсү.
Документтер 2023-жылдын 20-апрелинен 4 майына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Жайыл району Кара-Балта шаары Кожомбердиев көч. 67.
Жайыл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы №9-каб. Тел: (03133) 4-71-78, 3-64-82.