Чуй облусуна караштуу Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтү КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна Фрунзе айыл өкмөтүнүн кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт:
Фрунзе айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
- административдик муниципиалдык кызмат орунунун башкы тобуна( резервге)
- административдик муниуипиалдык кызмат орундарынын улук тобуна (резервге)
- административдик муниципиалдык кызмат орундарынын кенже тобуна (резервге)
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга ;
- 18 жаштан жаш болбогон;
- соттулугу жок
- Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө
Жалпы мыйзам актылары:
Башкы топтогу административдик муниципиалдык кызмат ордуна квалификациялык талаптар
- КР Конституциясы;
- КР конституциялык мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө»;
- КР Эмгек кодекси;
- КР Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- КР Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
- КР Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө;
- КР Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
- КР Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
- КР Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 3-март 2020-жыл № 120
Улук топтогу административдик муниципиалдык кызмат оорундарына квалификациялык талаптар
- КР Конституциясы
- КР Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
- КР Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө;
- КР Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
- КР Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”
Кенже топтогу административдик муниципиалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар
- КР Конституциясы;
- КР Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат” жөнүндө.
Башкы топтогу административдик муниципиалдык кызмат ордуна:
Жоопту катчы ( Башкы кызмат Г-Б)
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим
Иш стажы жаны тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик мыйзам актылары:
- «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
- «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөөнүн тартиби тууралуу” 2022-жылдын 2-февралындагы №25 Жарлыгы
- Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жарандык кызматтын жана мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштетүү жөнүндө» 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча барактын формасын жана эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” 2003-жылдын 24-июлундагы №462 Токтому.
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» ПЖ№171 Жарлыгы менен бекитилген.
Улук топтогу административдик муниципиалдык кызмат оорундарына:
Каржы -экономика бөлүмүнүн башчысы ( Улук кызмат – С-А)
Кесиптик билимдин деңгээли:
—экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик мыйзам актылары:
- КР Мыйзамы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»,
- КР Мыйзамы «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»,
- КР Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ№25 Жарлыгы менен бекитилген «Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»
- КР Бюджеттик кодекси.
Киреше боюнча башкы адис ( Улук кызмат – С-Б)
Кесиптик билимдин деңгээли:
—экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик мыйзам актылары:
- КР “Салык кодекси”,
- КР «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси».
Жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адис ( Улук кызмат – С-Б)
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик мыйзам актылары:
- КР Мыйзамы «Жайыттар жөнүндө»,
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган
- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси.
Чыгаша боюнча башкы адис (Улук кызмат – С-Б)
Кесиптик билимдин деңгээли:
—экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципиалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Предметтик мыйзам актылары:
- КР Мыйзамы «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»,
- КР Бюджеттик кодекси
Кенже топтогу административдик муниципиалдык кызмат орундарына:
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис ( Кенже кызмат М-А)
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку же болбосо орто кесиптик билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- иш стажына талаптар коюлбайт
Предметтик мыйзам актылары:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамы
- Кыргыз Республикасынын “ Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жөнүндө” мыйзамы.
Жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча жетектөөчү адис ( Кенже кызмат – М-А)
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку же болбосо орто кесиптик билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- иш стажына талаптар коюлбайт
Предметтик мыйзам актылары:
- КР Мыйзамы «Жайыттар жөнүндө»,
- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган
- КР “ Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Мыйзамы.
Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис (Кенже кызмат – М- А)
Кесиптик билимдин деңгээли:
Экономика жана башкаруу, физика математика илимдери жана фундаменталдык информатика, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
иш стажына талаптар коюлбайт
Предметтик мыйзам актылары:
- Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө”
- КР “Муниципиалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамы.
Маалыматтык компьютердик технологиялар боюнча адис (Кенже кызмат – М-Б)
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку же болбосо орто кесиптик билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
иш стажына талаптар коюлбайт
Предметтик мыйзам актылары:
- Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу” жөнүндө мыйзамы
- Кыргыз Республикасынын “Электрондук кол тамга” жөнүндө мыйзамы.
Аскердик эсепке алуу столунун инспектору ( Кенже кызмат – М-Б)
Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку же болбосо орто кесиптик билим.
Стажы жана иш тажрыйбасы:
иш стажына талаптар коюлбайт
Предметтик мыйзам актылары:
1) КР Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө»,
2) Кыргыз Республикасынын “ Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
Сынака катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:
- жеке арыз;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен:
- илимий даражаны жана илимий наамды бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
- паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2023-жылдын 17-майдан баштап 30-майга чейин Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүндө саат 17:00 го чейин кабыл алынат.
Сурап билүү телефону : 0313466295. 070692408