Ысык-Көл облусунда 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсунун бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу болуп өттү
Каракол шаарында мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча 72 сааттык Курстун ийгиликтүү катышуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкери Э.Окенов, Ханс фондунун бүтүрүүчүлөрү, Каракол шаардык кеңешинин Төрагасы Т. Акимканов, Каракол шаарынын казысы Алмаз ажы, Протоиерей С. Чувичкин, диаспоралардын өкүлдөрү катышып, конфессиялар аралык диалог темасын талкуулашты.