Башкы административдик кызмат ордуна:
-аппарат жетекчиси
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Улук административдик кызмат ордуна:
— экономика, социалдык өнүктүрүү жана туризм боюнча сектор башчысы;
— жалпы сектор башчысы;
-укук тартип маселелери боюнча башкы адис;
-социалдык маселелери боюнча башкы адис;
-уюштуруу маселелери боюнча башкы адис.
Коюлуучу квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим;
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Кенже административдик кызмат ордуна:
-экономика жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адис;
-туризм жана экология маселелери боюнча жетектөөчү адис;
-спорт, маданият жана өкмөттүк эмес уюмдар боюнча адис
Коюлуучу квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим;
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш-стажына талап коюлбайт.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
— Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;
— кадрлардын каттоо баракчасы;
— 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
— Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)
— жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);
— эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);
— соттолбогондугу жөнүндө аныктама;
-өмүр баяны;
-резюме.
Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык күндүн ичинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын №3 кабинетинде (жалпы секторунда) Чолпон-Ата шаары Совет көч №1 дарегинде кабыл алынат.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (03943) 4-33-16,4-28-28.