Улук кызмат (социалдык коргоо жана социалдык маданият маселелер)  административдик муниципалдык кызмат ордуна коюулуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим (социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, педагогикалык билим берүү).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

а) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” токтомун.

б) ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Балдар Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө”, “Мамлекетик жөлөк пулдар жөнүндө”, ”Социалдык кызматкер жөнүндө” мыйзамдарын, ”Мамлекеттик жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө”, ”Мамлекеттик жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды чектөө жөнүндө” жоболору.

Кенже кызмат (компьютердик технологиялар боюнча адис) бош административдик муниципалдык кызмат коюулуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы  орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык тхнологиялар, гуманитардык, техникалык педагогикалык багыттары боюнча)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

а) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын

б) ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды: “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Токтомун.

Кенже кызмат (аскердик-эсепке алуу столунун инспектору) бош административдик муниципалдык кызмат коюулуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы  орто кесиптик билим (экономика, техникалык, гуманитардык, педагогикалык,  аскер багыттары боюнча)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

а) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын

б) ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды: “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик  милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” жана “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамдары.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  • өзүнүн арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык күндүн ичинде Бостери айыл өкмөтү, Бостери айылы, Мамытов көчөсү №93 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3943) 61203 жана bosteri aiyl Okmotu Facebook баракчасынан  маалыматты алсаңыздар болот.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *