Кенже  кызмат ордуна кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар, энергетика жана энерготехника, социалдык илимдер, архитектура жана курулуш, гуманитардык багыттар боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актыларын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

 

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  “Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө” мыйзамы

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып, 10 календарлык күндүн ичинде   төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:   Ысык-Көл району, Григорьевка айылы  , Бевзов көчөсү № 139

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Байланыш тел: (03943) 40-3-89