2022-жылдын 1-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы “Кызыл ай” Эл аралык уюму менен биргеликте “Эл аралык майыптар Күнүнө” карата Ош шаарындагы көзү азиз жатак мектепте жатып, окуп билим алган окуучуларга жети миң беш жүз (7500) сом өлчөмүндө акчалай жылуу кийимдерди тапшырып, жардам көрсөтүп, жатак мектептин директору А.М.Кудайкуловага тапшырылды.
Ошондой эле, 2022-жылдын 2-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Борбордук аппараты тарабынан “Эл аралык майыптар күнүнө” карата Ош шарындагы № 12 көмөкчү мектеп интернатына жыйырма беш миң (25000) сом өлчөмүндө акча каражаты которулуп, Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан мектеп директору Г.Т.Сулаймановага тапшырылды.