Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтомунун негизинде “Эң мыкты айыл өкмөтү” аталыштагы жалпы мамлекеттик сынак жыл сайын өткөрүлүп келет.
Сынактын шарты боюнча, эки топко бөлүү менен өткөрүлөт.
1- топко, алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан айыл өкмөттөрү кирет.
Экинчи, топко, 1-топко кирбеген айыл өкмөттөрүнүн арасынан тандалып алынат.
1-топ – алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан айыл өкмөттөрү боюнча:
3-орун, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтү, 500 миң сомдук сертфикаты менен сыйланды.
2-орун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтү, 1 млн.сомдук сертификаты менен сыйланды.
1-орун, Баткен облусунун Баткен районун Ак-Сай айыл өкмөтү, 1,5 млн сомдук сертификаты менен сыйланды.
2-топтун талаптары боюнча жеңүүчүлөр:
3-орун, Чуй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтү, 500 миң сомдук сертификаты менен сыйланды.
2-орун, Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтү, 1 млн.сомдук сертификаты менен сыйланды.
1-орун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү, 1,5 млн.сомдук сертификаты менен сыйланды.
Аталган сынакты уюштуруу иши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жүргүзүлөт.