9-11. 11. 2022.
Өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашыруу бөлүмү
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору иштелип чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдарга макулдашууга кат жиберилип, 14 мамлекеттик органдар менен макулдашуу процедуралары жүрүп жатат. Штаттык ырааттаманын таблицалар топтому толугу менен даярдалды.
Бөлүм тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби жана шаарлардын, айылдардын аймактарын көрктөндүрүү боюнча типтүү эрежелери расмий тилден мамлекеттик тилге которулуп жатат.