Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктиктин түндүк аймак аралык башкармалыгынын Нарын облусундагы кызматкерлери тарабынан семинар уюштурулду.
2022-жылдын 25 — июлунда Нарын облусунун Жумгал районунда мамлекеттик органдарынын жетекчилери, кадр иштерин алып барган кызматкерлери жана айыл окмот башчылары менен жооптуу катчыларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун тартиби, атесстация өткөрүүнүн жол жоболору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө агенттиктин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.