Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин Эл аралык карылар күнү менен куттуктоосу
Урматтуу аксалдуу аталар, ак элечек энелер сиздерди 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен куттуктайм!
Эзелтен элибиз «карысы бардын, ырысы бар» деп айтып келгендей, нуска айткан, каада кармап улуттун уңгусун сактаган нарктуу карыялардын элдик статусунун өзгөчө орду болуп келген эмеспи.
Ар кыл доор капшаптарынан эстүү журт аксакалдары менен салтуу энелердин акылман кеңештери тарыхый сапарды улут катары улоодо өтө чоң салымдары болгонун унутуу мүмкүн эмес. Өткөн кылымдын бурулуш идеалогиясынан улам уңгубуздан бир аз тайыгансыган абалга келгенсиген күндөргө да күбө болдук.
Эгемендик алган, эркин эл болдук дегенибиз менен ээликтен демократиянын капшабы дагы кут даарыган аксакалдардан арабөк турган мезгилди да баштан өткөрдүк.
Мамлекеттүүлүк жана улуттук баалуулуктарды сактап калууда, кайрадан аксакалдардын түптүү институтун түптөшүбүз керек экендиги заман талабына айланып отурат.
Ошентсе дагы, уучубуз куру эмес элге эмгеги сиңген, калк кадырлаган карыларыбыз дагы жок эмес. Кыргыз журтчулугунун ар бир үйүндө төрдүн көркү, айылдын баркы болгон аталарыбыз, энелерибиз бар. Кадырман аталар, асыл энелер сиздердин талыкпас эмгегиңиздин акыбетин көрүп жаткан муундун өкүлү катары таазим этем.
Бар болуңуздар!