Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору- Джантаев Эльчибек Нуржадыевич Япон ишкерлерин кабыл алды.
Жолугушуу таанышуу жана пикир алмашуу ирээтинде өттү.
Recreateinc компаниясынын генералдык директору -Китагава Теппей.
Ryukyu Osaka компаниясынын генералдык директору — Масуда Эйжиро мырзалар кыргыз жергеси жакканын экономикалык жана социалдык кызматташуу ниеттери бар экендиктерин билдиришти.
Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев : Кызматташуу алкагында биз тараптан кандай аракеттер талап кылына турган болсо кызматтык жана ведомстволук мүмкүнчүлүктөрдүн чегинде жардам берүүгө даярбыз деп баса белгилеп өттү.
Эске сала кетсек бир аз убакыттар мурун Кыргыз Япон кызматташтык фонду түзүлгөн. Жогорудагы япон инвесторлору дал ошол фонддун ишмердигинин алкагында расмий эмес иш сапарлары менен келишкен.
P.S. Агенттик менен Кыргыз Япон фонду мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди IT адистиги боюнча квалификацияларын жогорулатуу, Аймактарды Өнүктүрүү тармагында кызматташуу максатында, алдыда дагы сүйлөшүүлөр болмокчу.