Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору –Джантаев Эльчибек Нуржадыевич баштаган делегация Франциянын Страсбург шаарына таанышуу өңүтүндөгү, расмий иш сапары менен барды.

Иш сапар Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана аймактык бийлик конгрессинин иши менен таанышуу жана  Кыргызстан “Жергиликтүү демократия боюнча өнөктөш” статусун алуу максатын көздөйт.

Делегациянын курамында:

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы -Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич.

КР ЖӨБ Бирикмесинин директор -Орозбаев Бектурган Ибраимович.

«ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги жана жарандар үнү: бюджеттик өнөктүк»; Долбоорунун жетекчиси -Бекиев Бекболот Жапарович.

Кара-суу районунун, Жоош айыл айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары -Ормонова Авазкан.

«ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги жана жарандар үнү: бюджеттик өнөктүк»; Долбоорунун жетекчисинин орун басары -Градваль Сабина.

Эртеңден баштап, кыргыз тараптан барган атайын курам Конгресстин жетекчилиги жана ыйгарым укук алган мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууларды башташмакчы.