Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын    9-апрелинде № 181 токтому менен бекитилген, жыл сайын өткөрүлүүчү “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы мамлекеттик сынагын уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 1-октябрындагы № 427 буйругу менен  жалпы мамлекеттик сынак комиссиясы түзүлгөн.

 “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамындагы жалпы мамлекеттик сынактын 2021-жылдын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөрүн аныктоо максатында, 2022-жылдын 25-августунда комиссиянын биринчи отуруму Агенттикте  өткөрүлдү.

Ошондой эле, “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иш-сапарынын графиги аныкталып, 2022-жылдын 7 сентябрынан баштап региондорго иш-сапар башталат.