Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиги Япониянын эл аралык кызматташтык борбору (JICE) менен биргеликте, Агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын көмөктөшүүсүндө Ош шаарында 2022-жылдын 30-сентябрь күнү Кыргыз Республикасындагы Япониянын эл аралык кызматташтык борбору (JICE) тарабынан мамлекеттик жана ЖӨБ органдарынын кызматчылары үчүн көчмө маалыматтык семинар өткөрүлдү. Семинарда Агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси З.Т.Тургунбаев сөз сүйлөп, бул проект Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониядагы университеттерде магистратура жана докторантура даражасын алууга чоң мүмкүнчүлүгүн бергендигин айтып өттү.
Семинарда Кыргызстандагы Япониянын эл аралык кызматташтык борборунун (JICE) өнүктүрүү прораммасы боюнча ассистент А.К.Казымбекова магистратуранын программалары жөнүндө, университеттер жана аларга кирүү тууралуу, керектүү документтер, ж.б. тууралуу кенен маалыматтарды слайд менен баяндап берип, семинар кызуу суроо-жооп иретинде өткөрүлдү.