Кыргыз Республикасынын Министрлер Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору –Джантаев Эльчибек Нуржадыевич кечеги күнү (02.03.2022) Ош, Бишкек шаарларында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, бюжеттик процесс боюнча өтүп жаткан тематикалык семинар, конференциялардын катышуучуларынын чет элдик делегацияларын кабыл алды.

Атай кетсек,  Европа Кеңешинин Аймактык жана жергиликтүү бийлик конгрессинин Башкы катчысы – Кифер Андреас,

Словениянын шаарлар жана муниципалитеттер ассоциациясынын төрагасынын орун басары, Кочевье шаарынын мэри, конгресстин мүчөсү – Владимир ПРЕБИЛИЧ мырзалар менен жолугушту.

Андан соң, Агенттиктин кызматкерлери, чет элдик коноктор, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү менен биргеликте кереге кеңеш өткөрдү.

Кереге кеңешке Өнүгүү саясат институнун башкармалыгынын мүчөсү -Градваль Савина Андреевна,

Агенттиктин директорунун орун басары -Алыкулов Рамис Муратбекович,

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын  башчысы -Өмүрзаков Мыктыбек Жаныбекович,

Окутуу жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчичи — Исраилов Медербек талайбекович,

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзунун директору — Орозбаев Бектурган Ибраимович,

“Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: Бюжеттик процесс” долбоорунун жетекчиси — Бекиев Бекболот Жапаровичтер келип кошулушту.

Жолугушуу менен кереге кеңештин жүрүшүндө Агенттиктин директору — Джантаев Эльчибек Нуржадыевич чет элдик конокторду, Кыргызстанга келиши менен куттуктап, өлкөбүзгө болгон эки- үч күндүк  иш сапарларынын алкагында, Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, эл аралык, коомдук уюмдар менен кызматташташуу жолго коюлганына күбө боло аласыздар деди. Ошондой эле Агенттик мындан ары дагы, эл аралык тажырыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча өткөзүлүп жаткан эл аралык тематикалык семинар, конференциялар бүгүн өз ишин жыйынтыктамакчы. Бул жолку иш чаралар эл аралык деңгээлде уюштурулуп, Казакстан, Монголия жана Европа мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып, тажырыйба алмашып,ошону менен бирге Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштеринин жетишкендиктери менен таанышыша алышты.