Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2022-жылдын 5-7-октябрынан Кыргыз Репсубликасынын Улуттук статистикалык комитети, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Талас облусунда “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун жаңы функционалдарын үйрөтүү боюнча 3 күндүк окуу семинар башталды.
Окуу семинарга Талас облусунунан жалпысынан 37 жооптуу катчылар катышууда, окуу семинардын негизги максаты “Санарип аймак” тутумунун “Чарба китеби” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын паспорту” модулдарынын жаңы фунцияларын окууту жана практикалык түрдө үйрөтүү. Окуу семинарда, “Санарип аймак” тутумун мыкты алып барып мыкты көрсөткүчтөргө жеткендиктери үчүн Агенттиктин ведомстолук сыйлыктары менен сыйланды.