Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан (мындан ары – Агенттик)  Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өткөрүү маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 31-жылдын 2022-майында посеп 169 иш жүргүзүп жатат.

      Бул жарлык менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилген, анда компьютердик тестирлөөнүн төмөнкү этаптары аныкталган:

1) мыйзамдарды билүү (жалпы жана предметтик);

2) кызматчынын кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоо (логикалык тест).

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан (мындан ары – Агенттик) мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону өткөрүүдө компьютердик тестирлөө боюнча суроолордун форматы, саны, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын жогорку, башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүүгө) киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын тизмеси бекитилген.

      Ошентип, аттестация өткөрүүдө компьютердик тестирлөө суроолордун төмөнкү түрлөрүн жана санын камтыйт:

— жалпы мыйзамдарды билүүгө – 35;

— предметтик мыйзамдарды билүүгө – 35;

— кызматчынын кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого (логикалык тест) – 30.

      Жалпы жана предметтик мыйзамдарды билүүгө тестирлөө жүргүзүү процессинде ар бир түрү үчүн 35 мүнөттөн (бардыгы 70 мүнөт), кызматчынын кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого (логикалык тест) – 10 мүнөт тестирлөө убактысы белгиленет.

      Жалпы тестирлөө убактысы 80 мүнөт.

      Суроого ар бир туура жооп үчүн (жалпы, предметтик мыйзамдарды жана логикалык тестти билүү үчүн) 1 балл берилет.

      Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды аттестациядан өткөрүүдө жалпы мыйзамдарды билүүсүнө компьютердик тестирлөө кызмат орундарынын тиешелүү топтору үчүн төмөндө көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын тизмелеринен тесттик суроолорду камтыйт.

 

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн) киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеси

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

 

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы административдик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн) киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеси

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

 

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук административдик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн) киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеси

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

 

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларга (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн) киргизилген ченемдик укуктук актылардын тизмеси

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы.

      Маалымдама:

      Предметтик мыйзамдар боюнча маселелер мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка квалификациялык талаптарда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын негизинде түзүлөт жана квалификациялык талаптарда үчтөн кем ченемдик укуктук актылар көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, квалификациялык талаптарда белгиленген үчтөн кем эмес ченемдик укуктук актылардан турууга тийиш.