«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» №24 Жарлыгынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтү башкы, улук,кенже кызмат орундарынын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт!

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 

  • Башкы кызмат орундары үчүн (айылдык кеңештин жооптуу катчысы):
  • тиешелүү багыттагы жогорку билим;
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
  • Улук кызмат орундары үчүн (финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы, социалдык маселелер боюнча башкы адис, киреше салыктар боюнча башкы адис, компьютердик  маалыматтык технология жана сатып алуулар боюнча башкы адис):
  • тиешелүү багыттагы жогорку билим;
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана/же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  • Кенже кызмат орундары үчүн (инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис):
  • тиешелүү багыттагы жогорку билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим;
  • иш стажысына талап коюлбайт.

 

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:

 

  • Башкы кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республиксынын Конститутциялык мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кызыкчылардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;

– Тиешелүү тармактагы мыйзамдар.

 

  • Улук кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

– Тиешелүү тармактагы мыйзамдар.

 

  • Кенже кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– Тиешелүү тармактагы мыйзамдар.

 

Сынакка катышуу үчүн документтер:

-өзүнүн арызы;

-резюме (электрондук почтаны, байланыш номерин көрсөтүү менен) өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);

-нотариустан же акыркы иштеген жерден күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтин (диплом) көчүрмөсү;

-нотариустан же акыркы иштеген жерден күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) көчүрмөсү;

-илимий даражаны жана илимий наамды  (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөлөрү;

-паспорттун көчүрмөсү;

-эркек жарандар үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (аскердик билети жоктор аскердик каттоого жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же аскердик комиссариаттан тактама)

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер  төмөнкү электрондук дарек боюнча кабыл алынат:

aksuukg@mail.ru

Документтер PDF форматта 2022-жылдын 28-сентябрь күнү саат 17:30га чейин кабыл алынат.