Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине караштуу Ветеринардык
кызматтын Алай райондук ветеринардык башкармалыгы улук администратиыдик
кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы
квалификациялык талаптар:
Улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн жалпы
мыйзамдар;
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө»
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө»
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө»
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
Административдик кызматтардын баардык топтору үчүн
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий
тилдерди билүү;
-Компьютердик сабаттуулук жана керектүү жана программалык продуктыларды билүү
(Word,Excel, жана башка Microsoft Office программалары, «ТОКТОМ Mamleket Pro»
маалыматтык-укуктук системасы)
Санариптик компетенттүүлүккө ээ болуу жаатында мамлекеттик кызматчыларга
коюлуучу квалификациялык талаптар;
Компьютерде жана мобилдүү жабдууларда иштөө;
Ыктуулугу;
-текст, графика жана таблица түрүндөгү редакторлор менен иштөө;
-файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө (кайрадан ат коюуу, көчүрүү, сырттагы
перифериялык жабдууларды кошуу;
-дисктеги мейкиндикти тазалоо (архивин түзүү)
Компьютердик жана социалдык түйүнөрдө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана
сактоо (Интернет, эл почта ж.б)
Ыктуулугу;
-электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү:
-издөө системаларын пайдалануу;
-ар түрдүү браузерлер менен иштөө .
Кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен социалдык бири бирине сыпайы мамиле
менен аракеттенүү.
Маалыматтарды чоң көлөмү менен иш жүргүзүү; жаңы маалыматты түзүү жана иштеп
чыгуу.
Ыктуулугу:
-маалыматтын өзгөрүшүнүн жогорку ылдамдыгы жана ар түрдүү болуу шартында
маалыматтык базалар менен иш жүргүзүү.
-статистикалык маалыматтарга талдоо жүргүзүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл
алууга колдоо көрсөтүү үчүн маалыматты жаратуу;
-файлдардын өлчөмүн кысуу жана маалыматтардын чоң көлөмүн жөнөтүү кабыл алуу.
Маалыматтарды жана билдирүүлөрдү көрсөтүү.
Билими жана ыктуулугу:
-презентацияларды уюштуруу
-эсептөөлөр менен байланыштуу сан түрүндөгү маалыматтар менен иштөө
-маалыматтарды таблица диаграмма жана график түрүндө көрсөтүү
Колдонмо программалык продуктулардан жана сервистерден пайдалануу.
Ыктуулугу:
-КРнын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларынын пайдалануу:
-Веб конференция байланышты уюштуруу боюнча тиркемелерди пайдалануу:
-видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди колдонуу.
Текстке түзөтүү киргизүү жана аны редакциялоо.
Уюштуруу техникасы менен иштөө боюнча ыктуулугу:
-көчүрмө апараттары:
-принтер:
-сканер:
-проектор жана интерактивдүү тактай:
-факс
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты
жана ченемдик укуктук актыларды билүү.
«Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясынын
негизги жоболорун жана мыйзамдарын билүү:
-электрондук башкаруу жөнүндө:
-электрондук башкаруу колтамга жөнүндө:
-жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө:
Маалыматтык коопсуздук.
Ыктуулугу:
-вируска каршы программаларды колдонуу:
-шифр коюуу аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо:
-логин жана пароль коюуу
Компьютерде иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй
квалификациялык талаптар белгиленет (башкы адис, улук инспектор 2 бош орун):
1.Кесиптик билим деңгээли:
-айыл чарба багытындагы жогорку билим:
2.Иш тажрыйбасы жана стажы:
-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же
тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдан кем эмес иш стажы:
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөндөгүлөрдү билүү (Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары, ошондой эле
тиешелүү тармактагы мыйзамдар):
-КР “Ветеринария жөнүндөгү” Мыйзамы:
-КР “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Мыйзамы:
-КР “Ишкердикти субьектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” Мыйзамы
-КР “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продуктуларды идентификациялоо
жөнүндө” Мыйзамы:
Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди делого тиркеп тапшыруу керек
(делонун сыртына толук аты-жөнү, байланыш номерлери, электрондук почта дареги
толук көрсөтүлсүн)
-Жеке арыз:
-паспорт көчүрмөсү:
-резюме (Сүрөтү электрондук почтаны көрсөтүү менен):
-өмүр баяны (соттолбогондугу туралуу маалымат көрсөтүү менен):
-соттолбогондугу туралуу маалымат:
-нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билими (бар болсо) тастыктаган документтери бар болсо:
-илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
(бар болсо):
Сынака катышуу үчүн документтердин топтомун Алай райондук ветеринардык
башкармалыгынын башчысынын орун басары С.Абдыкадыровго тапшыруу зарыл.
Дареги: Алай району, Гүлчө айылы М.Абдыкапаров көчөсү №21 (Алай райондук
ветеринардык башкармалыгы) Документтерди тапшыруу мөөнөтү : 2022-жылдын 10-
октябрынан 20-октябрына саат 17-00го чейин кабыл алынат. Жарыя mkk.gov.kg жана
gvfi.kg сайттарына илинет.
Сурап билүү телефону: (03234) 5-00-17
Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды
берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.