Ала – Бука райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт:

1.Финансылык  жана  бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн   адиси (М-Б)  кызмат оруну;

Квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билими:

-жогорку билим – экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг);

 Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

-стаж жана адистик боюнча иш тажрыйбасына талап коюлбайт;

 Профессионалдык компетенттүүлүк:

Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларын билүүсү:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2009-жылдын 29-декабрындагы  №823 “Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтому:  2010-жылдын 27-майындагы  № 59  “Мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды, кош бойлуулук жана төрөт, сөөк коюу боюнча жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын байланыш филиалдарынын жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу”;
  • Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  токтому   2017-жылдын 29-июнундагы №97-П “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик  эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө”.
    • Финансылык жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн  жетектөөчү адис (М-А)  кызмат оруну;

Квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билими:

-жогорку билим – экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг);

 Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

-стаж жана адистик боюнча иш тажрыйбасына талап коюлбайт;

 Профессионалдык компетенттүүлүк:

Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларын билүү:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2009-жылдын 29-декабрындагы  №823 “Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтому:  2010-жылдын 27-майындагы  № 59  “Мамлекеттик жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды, кош бойлуулук жана төрөт, сөөк коюу боюнча жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын байланыш филиалдарынын жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн төлөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу”;
  • Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  токтому   2017-жылдын 29-июнундагы №97-П “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик  эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө”.

 

2.Социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн    жетектөөчү адиси (М-А)  кызмат оруну;

Квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билими:

-жогорку билим — экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг), гуманитардык (философия, политология, психология, тарых, юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер, филология, культурология) жана социалдык илимдер.

Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

-стаж жана адистик боюнча иш тажрыйбасына талап коюлбайт;

Профессионалдык компетенттүүлүк:

Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларын билүүсү:

—          Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана гарантиялары жөнүндө», “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө”, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө»;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2009-жылдын 29-декабрындагы  №823 “Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 133 “Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө”, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795  “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө”.
  1. Эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (М-А)  кызмат оруну;

Квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билими:

-жогорку билим — экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг), гуманитардык (философия, политология, психология, тарых, юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер, филология, культуралогия) жана социалдык илимдер;

Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

-стаж жана адистик боюнча иш тажрыйбасына талап коюлбайт;

Профессионалдык компетенттүүлүк:

Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларын билүүсү:

—          Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;-          “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

  1. Үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн     адис (М-Б)  кызмат оруну;

Квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билими:

-жогорку билим — экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг), гуманитардык (философия, политология, психология, тарых, юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер, филология, культуралогия) жана социалдык илимдер;

Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

-стаж жана адистик боюнча иш тажрыйбасына талап коюлбайт;

Профессионалдык компетенттүүлүк:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: №182 “Эл аралык эмгектенүү мекемесинде балдардын эң төмөн түрдө иштөөсүн жок кылуу жана тыюу салуу боюнча ратификация жана конвенсиялар”, 1993-жылы 29-майда “Гаагада кабыл алынган балдарды коргоо боюнча эл аралык бала багууда кызматташуудагы ратификациялар жөнүндө конвенсиялар”;
  • Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

—          Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору: 2010-жылдын 2-мартындагы  № 125 токтому  “Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу”, 2015-жылдын 22-июнундагы №391 “Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоонун тартиби жөнүндө жобо”

 

4.1. Үй-бүлө жана балдарды колдоо   бөлүмүнүн  жетектөөчү   адиси (М-А)  кызмат оруну;

Квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билими:

-жогорку билим — экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг), гуманитардык (философия, политология, психология, тарых, юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер, филология, культуралогия) жана социалдык илимдер;

Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

-стаж жана адистик боюнча иш тажрыйбасына талап коюлбайт;

Профессионалдык компетенттүүлүк:

Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларын билүүсү:

—          «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору: 2010-жылдын 2-мартындагы  № 125 токтому  “Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу”, 2015-жылдын 22-июнундагы №391 “Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоонун тартиби жөнүндө жобо”

 

 

-жаамат менен иш алып баруу, иш – кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде туура жана так аткаруу, чыр–чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу, жарандардын кайрылуусуна туура жана өз убагында жооп берүү жана кесиптик этиканы сактоо;

 

 

Сынака катышуу үчүн документтер: 

-кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз (байланыш телефон номери менен);

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;

-резюме, сунуш каттар, өмүр баян;

-Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунун сынакка арыз берген учурда берилген датасы 1 айдан ашпаган соттуулугу бар (же жок) экендиги жөнүндө маалымкаты;

-билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы  жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун жана аскер билетинин көчүрмөлөрү(эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүү зарыл).

Документтерди кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккан күндөн тартып 10(он) жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.

Дареги: Ала –Бука айыл аймагы Ала –Бука айылы М.Мамырбеков көчөсү – 42,

тел.: (03741) 5-01-07 .