Алтымыш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун магистрдик дипломуна ээ болушту

2020-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты боюнча биргелешкен магистрдик программанын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү

Биргелешкен магистрддик программалар 2003 жылдан бери Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен жүзөөгө ашырылып келет.

Окутуу Ханнс Зайдель Фондунун жардамы менен мамлекеттик башкаруу Академиясында өткөрүлөт.

Магистранттарды эки жылдан аз эмес иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасынан конкурстук негизде тандалып алынат. Окутуу маалында аларга Фонддун каражатынан стипендия төлөнөт.

Магистердик программа боюнча бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземине Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун долбоорунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев катышышты.

А.Акматалиев өзүнүн кириш сөзүндө Ханнс Зайдель Фондуна магистранттардын окутуусунда көргөзүлүп келген көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди

Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун долбоор жетекчиси доктор Макс Георг Майер кыргыз тилинде сөз сүйлөп, мамлекеттик тилге болгон сый-урматын көргөздү. Ал ошондой эле бүтүрүүчүлөргө мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырууну тилеп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээлин бекемдөө максатында өткөрүлгөн ушундай окутуулар уланаарын билдирди. Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун долбоор жетекчиси доктор Макс Георг Майер кыргыз тилинде сөз сүйлөп, мамлекеттик тилге болгон сый-урматын көргөздү.

Ал ошондой эле бүтүрүүчүлөргө мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырууну тилеп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээлин бекемдөө максатында өткөрүлгөн ушундай окутуулар уланаарын билдирди. Ал эми Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары О.Тарбинский Ханнс Зайдель Фондунун 17 жылдан бери көрсөтүп келген зор жардамын белгилеп, Фонддун долбоор жетекчиси доктор Майерге эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Быйыл алтымыш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер магистратуралык дипломго ээ болуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ишмердүүлүгүн улантышат.

Алтымыш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун магистрдик дипломуна ээ болушту

2020-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты боюнча биргелешкен магистрдик программанын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

Биргелешкен магистрддик программалар 2003 жылдан бери Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен жүзөөгө ашырылып келет.

Окутуу Ханнс Зайдель Фондунун жардамы менен мамлекеттик башкаруу Академиясында өткөрүлөт.

Магистранттарды эки жылдан аз эмес иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасынан конкурстук негизде тандалып алынат. Окутуу маалында аларга Фонддун каражатынан стипендия төлөнөт.

Магистердик программа боюнча бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземине Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун долбоорунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев катышышты.

 А.Акматалиев өзүнүн кириш сөзүндө Ханнс Зайдель Фондуна магистранттардын окутуусунда көргөзүлүп келген көмөгү үчүн ыраазычылыгын  билдирди.

 Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун долбоор жетекчиси доктор Макс Георг Майер кыргыз тилинде сөз сүйлөп, мамлекеттик тилге болгон сый-урматын көргөздү. Ал ошондой эле бүтүрүүчүлөргө мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырууну тилеп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээлин бекемдөө максатында өткөрүлгөн ушундай окутуулар уланаарын билдирди.

 Ал эми Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары О.Тарбинский Ханнс Зайдель Фондунун 17 жылдан бери көрсөтүп келген  зор жардамын белгилеп, Фонддун долбоор жетекчиси доктор Майерге эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.