Ат-Башы районунун Ак-Муз  айыл окмоту  айыл  ѳкмѳтүнүн  жооптуу  катчы  кызмат ордуна конкурс жарыялайт

 Коюлуучу квалификациялык  талаптар

 1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик, муниципалдык башкаруу, экономика жана башкаруу, гуманитардык,  айыл-чарбасы, педагогикалык билим берүү).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамын,  КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “КР мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосун, “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө” Жобосун, “КР мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосун, “КР мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобосун, “КР мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө Жобосун, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобону, КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө Жобону.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

— сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

— кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян;

— 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

— паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

— жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан

күбөлөндүрүлгөн);  

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтер Ат-Башы  районунун  Ак-Муз   айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө  , массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар:  0 (3534)  60156

  Толук маалыматы мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан ала аласыздар