Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик
жарандык кызматтын кенже, улук административдик кызмат орундарына
кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт
Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна
жалпы квалификациялык талаптар:
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо
тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү
жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү
боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү
боюнча типтүү нускама.
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү
(Word, Excel, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы).
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына
төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана
муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык,
Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика
тармактарында
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык
кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
— жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”
мыйзамдары.
— “Билим берүү жөнүндө”;
— “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”;
— “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары.
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз
Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө
— ” № 120 токтому;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Регламенти жөнүндө” №233 токтому.
— Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо
жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— презентацияларды уюштуруу;
— таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын
маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;
— кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда
туура өз ара аракеттенүүгө;
— оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же
интерактивдүү доска, факс.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына
төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,
Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык,
Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика
тармактарында
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
— “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”.
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”
мыйзамдары.
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар
жөнүндө”;
— “Билим берүү жөнүндө”;
— “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”;
— “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары.
— Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо
жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
— Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык
продуктуларды колдоно билүү.
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— презентацияларды уюштуруу;
— таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын
маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;
— кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда
туура өз ара аракеттенүүгө;
— оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же
интерактивдүү доска, факс.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
– өздүк арыз;
– өздүк таржымал(соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү
менен);
– резюме сүрөтү жана электрондук почтаны көрсөтүү менен;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана
кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Арыз берүүнүн мөөнөтү 2022-жылдын 10-августан баштап 20-августка чейин.
Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Базар-Коргон шары, Б.Осмонов көчөсү 170. (Персонал менен иштөө бөлүмү),
сурап билүү тел: 03736 5-01-40, 5-00-10.
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана
маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.