Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде кенже кызмат (социалдык маселелер боюнча секторунун адиси) орунунун топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– бош административдик кызмат орундарынын кенже тобун (социалдык маселелер боюнча секторунун адиси) ээлөөгө.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 21 жаштан жаш болбоого;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

1) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу (социалдык маселелер боюнча секторунун адиси) үчүн:
– Экономика жана башкаруу, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү жана гуманитардык илимдер багытындагы жогорку билим;
— иш стажына талаптар коюлбайт;
– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
– предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы ;
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17:30 га чейин тапшыруу керек.
Дареги: Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү №83, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын имараты, 4-кабат, 9-иш бөлмөсү Тел. /03457/ 3-22-13. Моб. 0703 76-58-58