Бакай- Ата районунун  Шадыкан айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Улук кызмат ордуна

1.Техникалык илимдер, эсепөө  техникасы жана информациялык  технологиялар, автоматташтыруу жана башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыттагы жогорку  билим.

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

—  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем

эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү;

төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын  «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;

-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү  жөнүндө” мыйзамын;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

 

 Кенже кызмат ордунун тобу (Аскердик эсепке алуу столунун инспектору ) :

– Жогорку  же болбосо  орто кесиптик билим;

2.Стажы  жана тажрыбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

3. Кесиптик  компетенттүүлүгү: — төмөнкүлөрдү  билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Жалпыга  бирдей  анык  жана альтернативдик  аскердик милдетти  өтөө  жөнүндө “ мыйзамын;
  • Кызматтык милдеттерин  аткаруу  үчүн  зарыл  болгон  көлөмдө  мамлекеттик  жана  расмий  тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

— иш стажына талаптар коюлбайт;

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Бакай-Ата району, Ынтымак  айылы,  Касымбай №17, Шадыкан  айыл өкмөтүнүн имараты, Тел. /03457/ 6-02- 21. Моб. 0707 636308.