Улук  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар төмөндөгүдөй:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү адистик (багыттар) боюнча жогорку билим: гуманитардык, юридикалык, социалдык илимдердеги багыттар боюнча.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү керек.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

       —   Негизги мыйзам актыларын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы              № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”.
  • Предметтик төмөндөгү мыйзамдарды билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Балдар кодекси, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Коомдук саламаттыкты сактоо”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Үй –бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө”, “Социалдык фонд жөнүндө”, “Мамлекеттик жөлөк пулдар  жөнүндө   Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

     

Кенже  кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү адистик багыттагы жогорку же орто кесиптик билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Негизги мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

Ошондой эле тиешелүү тармактагы предметтик мыйзамдарды:: “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламатты сактоо”, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билимс берүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөдөгү зомбулуктан чоциалдык-укуктук коргоо жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө.

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

                      Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  • өзүнүн арызы;
  • 3х4 сүрөт (2 даана)
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты тиркөө);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, “Балыкчы” шаардык коомдук-саясий  гезитине жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөндөгү дарек боюнча тапшыруу керек:

Балыкчы шаары Ж. Абдрахманов көч 258

Балыкчы шаарынын мэриясынын имараты  3  кабат. №32 кабат

Кошумча маалыматты тел 0394432771 жана mkk.gov.kg сайтынан маалымат алсаңыздар болот

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.