1. Мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.

         Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2022-жылдын 18-августунан тартып  2022-жылдын 28-августуна чейин ачык конкурс жарыялайт.
 

1

 

Билим берүү жана илим министрлигинин Борбордук аппаратына

—         кызмат орундарынын башкы тобуна
—         кызмат орундарынын улук тобуна
—         кызмат орундарынын кенже тобуна
2  

Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө

 

—         кызмат орундарынын башкы тобуна

2. Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар
Административдик кызмат орундарынын башкы оруну үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары” жөнүндө Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
8) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы;
9) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

(Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына).

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими (борбордук аппарат үчүн);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

1)“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2)“Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3)“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;

4)“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5)“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Башталгыч кесиптик билим берүү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7)“Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

-компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Министрликтин Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары үчүн:

1)Билими-педагогикалык жогорку билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

— жалпы билим берүү уюмунун директору жана/же окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген иш тажрыйбасы милдеттүү түрдө болуусу зарыл.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучуларды тамактандыруу жөнүндө»;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 «Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү тууралуу” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-ноябрындагы No 765 «Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому;

5) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы No 233 токтому ;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому.

билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

Административдик кызмат орундарынын улук оруну үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Төмөнкүлөрдү билүү:

1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2)“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4)“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

6)“Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 Токтому.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

1)“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2)“Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3)“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;

4)“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5)“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Башталгыч кесиптик билим берүү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7)“Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

1)“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2)“Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3)“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы;

4)“Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5)“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) “Башталгыч кесиптик билим берүү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7)“Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

билгичтиги:

-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

-жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштөө.

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

3 Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
— жеке арызы;

— өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү;

— ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат;

— скоросшиватель.

4 Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.

Кабыл алуу мөөнөтү: 2022-жылдын 18-августунан  тартып 2022-жылдын                28-августуна чейин.

Байланыш телефону: (0312) 62-05-09. Кабинет № 219.