Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММА Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте 2020-жылдын 27- мартында “Дени сак шаарлар” аттуу №01-18/41, №197 сандуу биргелешкен буйрук чыккан.
Жогорку буйруктун негизинде 2022-жылдын 7-октябрында “Дени сак шаарлар” аттуу кереге кеңеш болуп өттү. Аталган иш-чарада калктын ден-соолугунун абалын жана жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу боюнча, жашоочулардын саламаттыгын жана бакубатчылыгынын деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүү, бакубат шаар чөйрөсүн түзүү максатында өткөрүлдү. Кергеге кеңешке Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарлардын мэрлери жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн жетекчиси Ч.Ч Ачикеева катышты.