Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде админстративдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобундагы кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Депутаттардын  Талас шаардык кеңешинин резервине конкурс  төмөнкүдөй өткөрүлөт:

-админстративдик муниципалдык кызмат орундун башкы тобун ээлөөгө;

-админстративдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;

-админстративдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө.

  

Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

-Кыргыз Республикасынын жараны;

-Мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган соттуулугу жок;

-18 жаштан жаш болбоого;

-Ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан жаткан  Депутаттардын  Талас шаардык кеңеши тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

  1. Админстративдик муниципалдык кызмат ордунун башкы тобу үчүн

      Кесиптик билимдин деңгээли:

-Жогрку кесиптик билими.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы  жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү   кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

 

— негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

 

Административдик муниципалдык башкы кызмат орундары үчүн

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын  “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө”;

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын  “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен  бекитилген  “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү

нускамасы”.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

     Билгичтиги:

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин  депутаттарынын статусу

жөнүндө”  Мыйзамы.

-Кыргыз Республикасынын “Электрондук колтамга жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана

муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн

жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” Жобо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24

Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана

муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс

өткөрүүнүн, аны  түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25

Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды

төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын

эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №61

Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык

кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби

жөнүндө” Жобо;

-адам ресурстарын башкаруу жаатында билүү, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн

зарыл  болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

     Билгичтиги:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
  • коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

 

     Көндүмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Административдик мунииципалдык кызмат орундары улук тобу үчүн

Кесиптик билимдин деңгээли:

— Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, гуманитардык илимдер, техникалык багыттар, башкарууну документтик камсыз кылуу жана документ ишин алып баруу  боюнча жогорку кесиптик билими.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

—   негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”.

 

     Кесиптик компетенттүүлүгү:

      төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу   жөнүндө”     Мыйзамы.
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (М-А):

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, гуманитардык илимдер, техникалык багыттар, башкарууну документтик камсыз кылуу жана документ ишин алып баруу  боюнча жогорку же орто кесиптик билими.

 

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-Иш стажына талаптар коюлбайт.

 

  — негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө

билүү:

 

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

 

     Кесиптик компетенттүүлүгү:

     төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу

жөнүндө”    Мыйзамы.

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №61 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын “2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык  кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана  расмий   тилдерди билүү.

   

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө.

 

Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык

продуктулардыколдоно билүү.

 

  1. Административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобу

үчүн (М-Б):

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, гуманитардык илимдер, техникалык багыттар, башкарууну документтик камсыз кылуу жана документ ишин алып баруу  боюнча жогорку же орто кесиптик билими.

 

Стажы жана иш тажрыйбасы:

-Иш стажына талаптар коюлбайт.

 

 — негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык

кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

 

  Кесиптик компетенттүүлүгү:

  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин  депутаттарынын статусу

жөнүндө”    Мыйзамы.

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын “2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”.

—    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24

жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана

муниципалдыккызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс

өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо;

—   кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же

расмий тилдерди билүү.

        Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди атайын папкага көктөп  тапшыруу керек:

-өзүнүн арызы;

-резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен),өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты  көрсөтүү менен);

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ( бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

-нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

-паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

        Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке Талас шаарынын мэриясынын расмий сайтына чыккан күндөн баштап 14 календарлык күндүн ичинде саат 9:00дон 17:30 га чейин тапшыруу керек.

 

Дареги:Талас шаары К.Нуржанов аллеясы №18

Байланыш телефондору:(03422) 5-31-95, 0550752001,0700958695.