Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору — Джантаев Эльчибек Нуржадыевич 8-Март Эл аралык аялдар күнү менен ардагерлерди куттуктады.
Сафина Хатима Шариповна -Улуу Ата- Мекендик согуштун катышуучусу- байланыш кызматкери. Бишкек шаарынын тургуну, 97 жашта.
Ашеулова Валентина Ивановна- Ленинград блокадасынын катышуучусу, Бишкек шаарынын тургуну 87жашта.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, 1941-45- жылдардагы согуштун төрт ардагери, Улуу Ата- Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата Өкмөттүн токтому менен Агенттиктин көзөмөлүнө берилген. Ошондон бери, Агенттик тарабынан камкордукка алынып, майрамдарда мекеменин жетекчиси өзү барып куттуктоосу салтка айланып келетат.
Бул жолу дагы, Агенттиктин директору — Эльчибек Джантаев Нуржадыевич айымдар күнүн утурлай, ири алды ардагер энелерди 8- Март Эл аралык аялдар күнү менен куттуктап, азын — оолак белектерин тапшырып келди.

Возможно, это изображение (2 человека и люди стоят)Возможно, это изображение (2 человека, люди стоят и в помещении)