#Күнтартибинде

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, орун басар- Алыкулов Р.М. ошондой эле агенттиктин тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун, Алай районунуна караштуу, Үч Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы- Амантай уулу Акбий, жергиликтүү кеңештин төрагасы баштаган айыл аймагынын активдерин кабыл алып, жолугушуу жыйынын өткөрдү
Жолугушууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу боюнча бир катар маселелер көтөрүлдү.

Негизгилерин атай кетсек.
Кадрларды муниципалдык резервге алуу.
Жергиликтүү бюджетти көтөрүү.
Муниципалдык кызматкерлерди окутуу.

Жыйын ачык аңгемелешүү форматында жүрдү.