Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтү
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик муниципалдык башкы, улук
жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
1) Башкы кызмат орундары үчүн:
• тиешелүү багыттагы жогорку билим;
• мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же
тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
2) Улук кызмат орундары үчүн:
• тиешелүү багыттагы жогорку билим;
• мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана
тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кенже кызмат орундары үчүн:
• тиешелүү багыттагы жогорку билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим;
• иш стажысына талап коюлбайт.
КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:
1) Башкы кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республиксынын
Конститутциялык мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
— “Кызыкчылардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн башкаруу
мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
— Тиешелүү тармактагы мыйзамдар.
2) Улук кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
— Тиешелүү тармактагы мыйзамдар.
3) Кенже кызмат орундары үчүн:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
— Тиешелүү тармактагы мыйзамдар.
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (АТАЙЫН ПАПКАДА
ТИРКЕЛГЕН):
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок
экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар
болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш
стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин
көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 календарлык күн ичинде кабыл алынат. Иш
убактысы саат 08.30дан 18.00 гө чейин.
Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.
Дареги: Тогуз-Торо району, Кара-Суу айылы, А.Кыдыршаев көчөсү №16.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номер: (03738)60005, 0703923171