Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон-Хан айыл аймагы, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылын Чолпонбай айылы деп кайра атоо боюнча мыйзам долбоору жана бул мыйзам долбоорун жактыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгып, мамлекеттик органдары менен макулдашууга жөнөтүлдү. Ошондой эле бул мыйзам долбоору боюнча  коомдук талкууну жүргүзүү максатында КР Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жайгаштырууга даярдалды.

Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын калктуу конуштарын айыл категорияга киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууга Агенттикке келип түшкөн документтер каралып, кемчиликтери боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамындагы Тендик аймактык башкармалыгына караштуу айылдарды Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүү боюнча кайрылууга жана өткөрүүгө каршы болгон экинчи тараптын кайрылуусуна түшүндүрүү берилип, жооптор жөнөтүлдү.