Администрациялык-аймактык түзүлүш маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна 2 Мыйзам долбоору:
— “Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым айыл аймактарды жана айылдарды кайра атоо жөнүндө” жана
-“Баткен, Жалал-Абад, Ош Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” даярдалып, комиссиянын күн тартиби, алып баруу тартиби. Корутундулардын долбоорлору даярдалды.
Комиссиянын отуруму 23-майында саат 16-00 ге белгиленип, комиссиянын мүчөлөрунө телефонограмма тиешелүү документтери менен жөнөтүлдү.
Комиссиянын отуруму өткөрүлдү, протоколу жазылды.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан берилген сын-пикирлер,сунуштары менен иш жүргүзүлдү.
Улуттук Илимдер Академиясына жана профессор Конкобаевге кат жөнөтүлдү.

Ошондой эле КРПрезидентинин администрациясынан, облустардан келген каттарга жооп жөнөтүлдү.