Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2022-жылдын 6-июнундагы № 19-22403келип түшкөн «Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү структурасын, штаттык ырааттамаларын жана санын бекитүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору кайрадан каралып, министирликтен жана ведомстволордон келген макулдашуу барактары жыйналып, 2022-жылдын 15-июнунда чыг.№01-9/328 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилди.

2022-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчилери менен биргеликте «Электрондук соода аянтчасы» маалыматтык системасына техникалык колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү.

2022-жылдын 6-июнунда № 01-24/710 сандуу каты менен Агенттик, Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан “Алымбек Датка” эс алуу жайынын аймагындагы Ж. Раимкулов атындагы            № 67 кесиптик лицейинин балансында турган суу сактоочу кампаны Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кесиптик башталгыч билим берүү тутумун башкарган мамлекеттик орган катары өз позицияларын билдирүү максатында жиберилген.

Ал эми, каттын келген  жообу аркылуу Алай районуна караштуу Гүлчө айыл өкмөтүнө 2022-жылдын 16-июнунда № 01-9/333 каты аркылуу                                 Ж. Раимкулов атындагы № 67 кесиптик лицейинин балансында турган суу сактоочу кампаны Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүүгө мыйзам жол бербей тургандыгы тууралуу кат жиберилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошевдин 2022-жылдын 4-мартындагы                    № 20-696 тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын айыл аймактарындагы укуктук документтери жок жерлерди, имараттарды жана бош жаткан жерлерди тактоо боюнча маалыматтар чогултулууда.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде, Боз-Учук айыл аймагындагы мүлктөр боюнча көйгөйдү чечүү максатында Агенттиктин тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте керектүү документтер айыл өкмөттөн алынып такталууда.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын                           17-августундагы №490 токтомун ишке ашыруу боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келген маалыматтарга талдоо (анализ) жүргүзүлүп жатат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын так аныктоо боюнча сунуш иштелип чыгып, презентацияга толуктоолор киргизилип жатат.