Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2023-2026-жылдарга карата Программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобунун кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге Агенттиктин директорунун орун басары, жумушчу топтун  төрагасы Р.М. Алыкулов, Агенттиктин кызматкерлери, жумушчу топтун мүчөлөрү жана КР жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун өкүлдөрү катышышты.

Кеңешмеде Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2023-2026- жылдарга карата Программасынын учурдагы структурасы талкууланды, такталды, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Жумушчу топтун мүчөлөрүнө аталган Программанын биринчи драфтын ушул жылдын 15-июлуна чейин даярдоо тапшырылды.