1. Муниципалдык мүлктү башкарууда натыйжалуулукту жогорулатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо максатында, бөлүм тарабынан “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” Типтүү жобону бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругунун долбоору даярдалууда.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошевдин 2022-жылдын 4-мартындагы № 20-696 тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын айыл аймактарындагы укуктук документтери, ээси жок жерлерди, имараттарды жана бош жаткан жерлерди тактоо боюнча маалыматтар чогултулуп, тиешелүү токтом долбоору иштелип жатат.
  3. Электрондук соода аянтчасында аукциондорду өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
  4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын                                 26-июнундагы № 278 «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» жана 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыктарын ишке ашыруу боюнча жумуш алынып барылып жатат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын типтүү түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору иштелип чыгарылды.

Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык бирдиги боюнча жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган маданият кызматкерлери тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаровго сунуштар даярдалып жөнөтүлдү.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаевдин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери тууралуу  массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуудагы отчетунун (Презентация) “Жерликтүү оз алдынча башкаруу” блогу боюнча слайддарына бөлүм тарабынан тиешелүү маалыматтар берилди.
  2. Бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгынынын иш-планына толуктоолор киргизилди.