Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймак аралык башкармалыгынын Каракол шаарындагы кызматкери Э.Мокешова тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Жети-Өгүз райондук мамлекеттик органдардын жетекчилери, кадр иштерин алып барган кызматкерлер ошондой эле Жети-Өгүз районунун айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчыларынын катышуусунда Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобонун талаптары боюнча окутуу семинры уюштурулуду. Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби түшүндүрүлдү. Семинардын жүрүшүндө бир катар суроолорго жооптор берилди.