Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын улук административдик мамлекеттик кызмат орундарына (У-А), (У-Б) дайындоо үчүн кадрлар резервине кирүүчү талапкерлерге төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим баардык профилдеги багыттар боюнча.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана / же муниципалдык кызматтардагы стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү
-төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер, Эмгек, Бюджеттик, Салык кодекстерин, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө», “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”, «Жер казынасы жөнүндө», “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Мамлекеттик статистика жөнүндө”, «Ичүүчү суу жөнүндө», “Бюджет жана бюджет аралык мамилелер жөнүндө”, “Укук бузуулар жөнүндө”, “Пробация жөнүндө”, “Укуктук ченемдик актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө”, “Тынч чогулуштар жөнүндө”, «Билим берүү жөнүндө», «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы «Электрондук кайрылуулар интернет — порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» № 463токтомун, 2015-жылдын 24-декабрындагы № 878 токтому менен бекитилген «Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө» типтүү Жобону билүүсү зарыл.

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына (К-А), (К-Б) дайындоо үчүн кадрлар резервине кирүүчү талапкерлерге төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим баардык профилдеги багыттар боюнча.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:
иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү
-төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө”, «Мамлекеттик тил жөнүндө», “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Китепкана иштери жөнүндө”, «Дене тарбия жана спорт жөнүндө», “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө”, “Согуштун ардагерлери, Куралдуу күчтөрдүн жана оруктун эмгекчилери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук оюндары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамдарын билүү зарыл.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана / же расмий тилдерди билүү;

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;
– кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Документтерди тапшыруу мөөнөтү: жарыя берилген күндөн тартып,
10 (жумушчу) күн ичинде.
Кошумча маалыматтарды 0394651551 телефону аркылуу алса болот.

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы, дареги
Кызыл-Суу а. Манас көчөсү үй № 95 тел: (03946)51551, 51267