Кенже кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар.
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
-тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
-төмөнкүлөрдү билүү
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары; КР “жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “Маасалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдарын билүхүсү зарыл.
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

4. Билгичтиги:
-жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын жана жоопторун даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө;
5. Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөөдө жана аларды практикада колдонуу;
-компьтердик жана уюштуруу техникасын, болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтер кабыл алынат:
-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз;
— Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
-билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө);
-паспорттун көчүрмөсү;
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (Нотариалдык түрдө);
-өмүр баян;
-мүнөздөмө;
-Мед справка;
-соттуулугу жөнүндө тактама (Требование);
-4х6 өлчөмүндө 4даана сүрөт, «дело»;
-квалификациясын жогорулатуу боюнча иш кагаздары (сертификат) баа пикинрлер жана сунуштамалар колдоого алынат;

Талапкерлердин документтерин кабыл алуу жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин Липенка айыл өкмөтүнүн имаратында саат17:00гө чейин кабыл алынат.
Сынак конкурстук комиссиянын чечими менен өткөрүлөт.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар 0773348907; 0703564487
Липенка айыл аймагынын айыл өкмөтү.