1.Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башкы мамлекеттик жарандык административдик кызмат ордуларына

Коюлуучу квалификациялык талаптар :
-тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык
башкаруу, гуманитардык, юридикалык, педагогикалык, экономика жана башкаруу)

Иш тажрыйбасы:
-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын улук мамлекеттик жарандык административдик кызмат ордуларына

Коюлуучу квалификациялык талаптар:
-тийиштүү багыттагы жогорку билими (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика жана башкаруу, гуманитардык, социалдык, педагогикалык, геологиялык чалгындоо жана пайдалуу кендерди өнүктүрүү, транспорт техникасы жана технологиясы, энергетика жана электротехника физика-математикалык, информатикалык илимдер, техникалык илимдер, айыл чарба, табигый илимдер, юриспруденция).

Иш тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын кенже мамлекеттик жарандык административдик кызмат ордуларына

Коюлуучу квалификациялык талаптар:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, экономика жана башкаруу, гуманитардык, социалдык, педагогикалык, геологиялык чалгындоо жана пайдалуу кендерди өнүктүрүү, транспорт техникасы жана технологиясы, энергетика жана электротехника физика-математикалык, информатикалык илимдер, техникалык илимдер, айыл чарба, табигый илимдер, юриспруденция).

Иш тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат :
-сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;
-кадрларды каттоо баракчасы;
-резюме;
-өмүр баян;
-3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
-паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);
-жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);
-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек) ;
Талапкерлер документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Жумгал району, Чаек айылы, Э.Матыев көч,127 дареги боюнча Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы секторунда кабыл алынат. Ал эми сынак өтүүчү күн талапкерге кошумча билдирилет. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар.
Телефон: (0700629337)