“Ийгиликтүү аймак” USAID долбоору Мамлекеттик кадр кызматына окуу куралдарды тапшырды

16-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында USAID өнүктүрүү боюнча департаментинин директору Ноэль Бауэр жана “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун жетекчиси Роберт Бодо менен жолугушуу болду.

Новое назначение из числа Национального резерва кадров

Жолугушуу долбоордун муниципалдык кызматкерлерди окутуу жаатындагы жыйынтыктар алкагында өттү.

Долбоордун жетекчиси Роберт Бодо Мамлекеттик кадр кызматына айыл өкмөттөрдө иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга арналган окуу куралдарды тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууда аталган долбоордун маанилүүлүгү белгиленди.

МААЛЫМ КАТ: 2016 – жылдын октябрынан тарта Кыргызстанда АКШнын эл аралык өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) “Ийгиликтүү аймак” долбоору өз ишин баштаган.

Долбоордун багыты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү эффективдүүгүн жогорулатуу, калкка болгон тейлөөнүн сапатын жакшыртуу,

  1. жарандардын муниципалдык кызматтарга болгон ишеничин камсыздоо болуп саналат.
  2. Өз кезегинде демократияны өнүктүрүү департаментинин директору Ноэль Бауэр муниципалдык башкаруунун өнүгүүсүнүн орду зор экендигин баса белгилеп,
  3. “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун аймактарды өнүктүрүүдөгү аткарылып жаткан иштери жана келечектеги алгылыктуу кызматташтык боюнча демилгелерди белгилеп кетти.
  4. 2019 – жылы Долбоор тарабынан муниципалдык кызматкерлерди окутуу үчүн атайын окуу куралдары даярдалган.