Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймак аралык башкармалыгынын Нарын шаарындагы кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа районунда Мамлекеттик органдардын жетекчилерин, кадр иштерин алып барган кызматкерлерин, айыл өкмөт башчылары жана жооптуу кызматкерлеринин окутушту.  Иш чара Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өттү.  Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобонун талаптары боюнча окутушту. Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине  киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби түшүндүрүлдү.