Калкынын саны жыйырма миңден ашкан жергиликтүү кеңештердин төрагаларына класстык чендер ыйгарылышы күтүлүүдө.
Баяндамачы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги жыйынында «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралып, мыйзам долбоорунун концепциясы депутаттар тарабынан колдоого алынды.
https://www.facebook.com/100022206601979/videos/1322055494942790/