Каракол шаарында жергиликтүү мамлекеттик, муниципалдык органдардын жетекчилерине атайын түшүндүрүү семинары өткөрүлдү

Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” № 2 Жарлыгынан келип чыккан маселелерди түшүндүрүү боюнча облустук семинар болуп өттү

Семинарга облустук, райондук, шаардык мекемелердин жетекчилери, райондук мамлекеттик администрация башчылары жана аппарат жетекчилер, шаардын мэрлери жана аппарат жетекчилер, айыл өкмөтүнүн башчылары чакырылган.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу, саясат жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирбек Кожоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары Жетиген Бакиров, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу окулу Эмилбек Джантаев катышып, кенири сөз сүйлөштү.

Мамлекеттик башкарууну жана кадр саясатын түп-тамырынан жаңылоо боюнча алдыда турган милдеттер, бул багыттагы ишти жакшыртуу боюнча шарттарды түзүү, кадрларды тандоо системасын жана практикасын өзгөртүү багытында жасалып жаткан иштер менен семинардын катышуучуларын кеңири тааныштырып өтүштү. Семинардын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго уюштуруучулар тарабынан толугу менен түшүндүрмөлөр берилди.

Семинардын катышуучулары кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Семинардын жыйынтыгы менен жер-жеринде Жарлыктан чыккан милдеттерге мамлекеттик жана муниципалдык органдары тарабынан жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасап, ийгиликтүү аткарууга зор ишеним бар экендиги белгиленди.