Кара-Буура  районунун   Аманбаев   айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык муниципалдык административдик кызматтын бош орундарына сынак жарыялайт

  1. Башчынын орун басары. Башкы кызмат (Г-А)

Функционалдык милдеттери:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо, жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын  камсыз кылуу жана коргоо. Кызматтык этиканын ченемдерин сактоо,айыл өкмөттө белгиленген ички кызмат тартибинин эрежелерин, нускамаларды так сактоо. Кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин кармоо, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин сактоо, ченемдик- укуктук актыларды иштеп чыгуу жана макулдашуу, жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана аларга кеңеш берүү, отчетторду түзүү, актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык- методикалык материалдардын базасын түзүү.

Айыл аймакты социалдык- экономикалык  өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорун айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана коомчулук менен иштеп чыгат.

Айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун иштеп чыгууга катышат жана аткарылышын камсыз кылууга аракеттерди жүргүзөт. Жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адистерин ишин жетектейт. Табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык топторду жетектейт. Айыл өкмөтүнүн алдындагы коммуналдык чарбанын иштерин координациялат, айыл аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жетектейт.

Айыл өмөт башчысынын эл менен жолугушуусун уюштурат. Жергиликтүү жааматтардын жыйындарын уюштурат

 

 

Квалификациялык талаптары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;
  • 18 жаштан жаш болбоого;
  • КР ченемдик – укуктук актыларын билүүсү зарыл;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  • Компьютерде иштөө  тажрыйбасы  (Word,ЕхсеL,Интернет).   

  1.Кесиптик билимдин деңгээли:     

-жогорку кесиптик билими.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан  

 кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күнүнүн ичинде саат 9.30 дан 17.30 чейин тапшыруу керек.

                                                         Дареги: Аманбаев айылы, Толстунов  көчөсү7,    

 

     Кара-Буура  районунун   Аманбаев  айылдык кеӊеши муниципалдык     административдик кызматтын бош орунуна                                                                сынак жарыялайт 

 

Жооптуу катчы (Г-Б- 1орун)

 Квалификациялык талаптары

Кыргыз Республикасынын жараны;

Соттулугу жок;

18 жаштан жаш болбоого;

Кесиптик билимдин деӊгээли:

-жогорку кесиптик билим

Стажы жана иш тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стаж

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт. Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумуш күнүнүн ичинде саат 9.30 дан 17.30 чейин тапшыруу керек.

                                                         Дареги: Аманбаев айылы, Толстунов  көчөсү7,   

                                                             Аманбаев  айыл  аймагынын кеӊсеси.

 

                                                            Маалымат алуу телефону 0553.50.60.35.